Редакцияот 07.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кууганды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 15-сессиясынын

 

2022-жылдын 7-декабры № 62

 

Айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин киреше бѳлүктѳрүндѳгү кыймылдуу мүлк салыктарын бекитүү жѳнүндѳ

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылга Кууганды айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүктөрүндөгү кыймылдуу мүлк салыктары төмөндөгүдөй суммада бекитилсин:

А) Жеке жактардын транспортук каражаттарына салык-180,0 миӊ сом;

Б) Короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгы-118,0 миӊ сом;

В) Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы 25,0 миӊ сом болуп бекитилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына жана айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адисине милдеттерилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдѳѳ жагы Кууганды айылдык кеӊешинин алдындагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага:

Ф.К. Токушев