Редакцияот 04.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2021-жылдын 4-ноябры № 4

 

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ийри-Сай участкасында жайгашкан муниципалдык менчикте турган жер аянтына ЖБИ завод куруу үчүн 2,0 га жер аянтын ижарага берүү жөнүндө

Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ийри-Сай участкасына ЖБИ завод куруу үчүн 2,0 га жер аянтын аукцион аркылуу ижарага берүү депутаттардын арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ийри-Сай участкасына №424,№438,№439 контурларда жайгашкан “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер багытындагы” категориясына которулган 2,0 га жер аянтын (ЖБИ) куруу үчүн мыйзам актылардын негизинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевге тапшырылсын.

 

 

Кеңештин тѳрагасы:

Н. Артыков