Редакцияот 18.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2022-жылдын 18-февралы № 7

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу “Кошмоло” участкасынан үй жайга берүү ар бир жаранга 0,08 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылына караштуу “Кошмоло” участкасынан 150,0 га жерди үй жайга берүү үчүн ар бир жаранга 0,08 га жер берүү, депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.     Төрт-Гүл айыл аймагынан Чоң-Кара айылына караштуу “Кошмоло” участкасынан үй жайга ажыратылган жерден ар бир жаранга 0,08 га жер аянты бекитилип берилсин.

2.     Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевге тапшырылсын.

 

Кеңештин төрагасы:

Н.Артыков