Редакцияот 18.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2022-жылдын 18-февралы № 8

Чоң-Кара айылынын батыш тарабындагы курулуш астындагы жер аянтын муниципалдык менчикке алынсын жана аукцион аркылуу сатуу жөнүндө

Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылынын батыш тарабынан курулуш астындагы 0,04 га жер аянтын муниципалдык менчикке алынсын жана аукцион аркылуу сатуу жөнүндө Төрт-Гүл айыл өкмөт башчысы С.Эркебаевдин сунушун угуп, депутаттар арасында кызуу талкуулап Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу Чоң-Кара айылындагы батыш тарабынан курулуш астындагы 0,04 га жер аянтын мыйзам негизинде муниципалдык менчикке алынсын жана аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевге тапшырылсын.

 

Кеңештин төрагасы:

Н.Артыков