АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезектеги чакырылган 8-сессиясынын
2022-жылдын 4-февралы № 11
Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн кабыл алуу жөнүндө
Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жалпы 15 703 254 (он беш миллион жети жүз үч миң эки жүз элүү төрт) сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
2. Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин кирешеси 6 081 900 (алты миллион сексен бир миң тогуз жүз) сом өлчөмүндө, теңдештирүүчү грант 7 115 000 (жети миллион бир жүз он беш миң) сом өлчөмүндө жана 2021-жылдын калдык акча каражаты боюнча 2 506 354 (эки миллион беш жүз алты миң үч жүз элүү төрт) сом өлчөмүндө кабыл алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы-Бекеш уулу Болтко Э. Торогелдиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Алымжан уулу Исламбек |