Редакцияот 04.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезектеги чакырылган 8-сессиясынын

 

2022-жылдын 4-февралы № 17

 

Ак-Булуң өкмөтүндө, маалымат технологиялар боюнча башкы адистин жумушун убактылуу аткарган кызматкердин эмгек акысын төлөп берүү жөнүндө

 

2022-2023-жылдар мезгилине, башкаруу-санариптештирүү жана санариптик инфротүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш чаралар планын ишке ашыруу боюнча жана «Санарип аймак», «Е кызматы», «Адам ресустарын башкаруу», «СЭД» автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүү жана, маалымат технологиялар боюнча иш алып баруучу кызматкер жок болгондугуна байланыштуу, ушул иш орунга убактылуу алынган кызматчыга айлык төлөө  максатында Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Конкурстан өтүп башкы адис кабыл алынганга чейин, «санарип аймак» электрондук тутуму менен иш жүргүзүүнү үзгүлтүккө учуратпоо максатында убактылуу алынган кызматчы-Куланбаева Наргизага, январь, февраль айлары үчүн иштеген маяна акысы 25 000 (жыйырма беш миң) сом өлчөмүндө төлөнүп берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы-Э. Торогелдиевке милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Алымжан уулу Исламбек