Редакцияот 17.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2023-жылдын 17-марты № 1

Курманбек айылдык кеңешинин 2023-жылга түзулгөн жылдык иш планын бекитүү жөнүндө

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы, Курманбек айылдык кеңешинин туруктуу комиссялары менен биргеликте түзулгөн иш планын Курманбек айылдык кеңешинин депутаттары карап, талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

1. Курманбек айылдык кеңешинин 2023-жылга түзулгөн жылдык иш планы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. 2023-жылга түзулгөн жылдык иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө жагы Курманбек айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары З.Ботобаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.З.Биримкулов