Редакцияот 25.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

2023-жылдын 25-февралы № 5

Муниципалдык менчике өткөрүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 05.08.2021-жылдагы № 01-6-5/4 сандуу катын, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак филиалынын 2021-жылдын 04-августундагы № 01-16/316 сандуу катын жана Курманбек айыл өкмөтүнүн 08.10.2021-жылдагы № 114 сандуу токтомунун негизинде Саты айылындагы 0,10 га жер тилкесин муниципиалдык менчике өткөрүү боюнча 06.02.2023-жылдагы С-27-кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары карап, талкуулап,төмөндөгүдөй токтом кылат:

 

1. Саты айылынан 0,10 га жер тилкеси муниципалдык менчике өткөрүлүп берилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Малашовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.З.Биримкулов