КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 25-февралы № 8
Саты айылынын жолун ДЭП-31 ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндө
Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Саты айылынын ички жолун ЖТИ-31 ишканасынын балансына өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар Министрлигинин 26.12.2022-жылдагы № Т-395 сандуу катын жана Саты айылынын жарандарынын 2023-жылдын 06-февралындагы Т-28 сандуу кайрылуусун угуп, айылдык кеңештин депутаттары талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Саты айылындагы 3200 метр ички жолу ЖТИ-31 ишканасынын балансасына алуу жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Жороевге жүктөлсүн.
Төрага | Т.З.Биримкулов |