Редакцияот 29.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX  сессиясы

 

 

2022-жылдын 29-декабры № 84

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында мүлк салыгын киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 23-декабрындагы №024/22/03-6/4148 чыгыш катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4  “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. 2023-жылдын 1-январынан тартып салыктын төмөнкү түрлөрүнө мүлк салыгы киргизилсин:

 

 1)Турак жай имараттары жана жайлары;

 2) Турак жай эмес имараттар,курулмалар жана жайлар;

 3)Уйдун жанындагы жер, короо жай жана багбанчылык-чарбак участоктору;

 4)Айыл чарба жерлери;

 5) Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында эмес жерлер;

 6) Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары;

 

2. Ушул токтомду аткарууга  алуу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын финансы комитетинин төрагасы А.Абдиевке жүктөлсүн .

 

Айылдык кеңештин төрайымы                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                      Ж.Шадиманова