Редакцияот 02.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы

 

2022-жылдын 2-ноябры № 01-6/19

 

“Муниципалдык менчик объекттерин баланска кабыл алуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 3-беренесинин 4-пунктунун негизинде, ошондой эле Жер комиссиясынын протоколун карап чыгып жана муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин толуктоо максатында Тош-Булак айылдык кеңеши

 

 

Токтом кылат:

 

 

1. Муниципалдык менчиктин төмөнкү объекттери баланска кабыл алынды:

·         Дан кампасы – Каракинов

·         Суу тосмо – Айзабеков

·         Суу тосмо – Токтогул

·         Суу топтогуч – Токтогул

2. Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.К. Жумашалиевге

·         Ушул токтомду аткаруу үчүн чечим даярдоо

·         аталган обьекттерге укукту күбөлөндүрүүчү документтерди даярдоо

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Төраганын орун басары

Р.К. Мураталиева