Редакцияот 02.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Төш-Булак айылдык кеңешинин сессиясы

 

2022-жылдын 2-ноябры № 01-6/21

 

“Төш-Булак айыл өкмөтүнүн жер фондунун инвентаризациялоо материалына өзгөртүү (корректировка) киргизүү боюнча жумушчу топтун курамын түзүү жөнүндө”

Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 15-мартындагы № 59 буюрмасына ылайык:

 

1. Төмөнкү курамындагы жумушчу топ түзүлсүн:

Жумашалиев А.К. - Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы – жумушчу топтун төрагасы

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Джамалова Ч.Т. - “Кыргызмамжердолбоорлоо” институтунун жерди эсепке алуу жана жер кадастр бөлүмүнүн адиси

Солтонбеков Н.А. - Төш-Булак айылдык кеңешинин депутаты

Джолдошев Ш.О. - Төш-Булак айылдык кеңешинин депутаты

Бучкакбек у.А. - Төш-Булак айылдык кеңешинин депутаты

Дамыркул у.М. – Төш-Булак айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча жетектөөчү адиси

Саманчиев Р.С. - Төш-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруу комитетинин төрагасы

2. Жумушчу топко төмөнкү жумуштарды уюштуруу жана ишке ашыруу милдеттендирилсин:

-Аймакта бардык жер фондун инвентаризациялоо материалына өзгөртүү киргизүү боюнча иштерди уюштуруу,

-Инвентаризациянын жыйынтык актысын түзүү жана бекитүү, жумушчу топтун протоколун түзүү,

-Раймамадминистрацияга жер фондун инвентаризациялоо материалына өзгөртүү киргизүү боюнча материалдардын жыйынтыктарын бекитүү үчүн киргизүү,

-Чек аралардагы, статистика комитети жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сокулук филиалынын жер отчётторундагы келишпестиктерди чечүү.

 

4. Ушул Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Жумашалиев А.К. - Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына дайындалсын.

 

 

Төраганын орун басары

Мураталиева Р.К.