Редакцияот 18.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз 25- сессиясы

2021-жылдын 18-февралы № 2

Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылында жаңы гөрүстөн үчүн жер ажыратуу чаралары жөнүндө

Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезексиз 25- сессиясы Баястан айылындагы “Ак-Тайлак Ата” жана “Каракаш Ата” гөрүстөнүнө жаңы жер тилкеси ажыратуу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылындагы “Ак-Тайлак Ата” гөрүстөнү үчүн “Андагул” участкасындагы № 485 контурунан 5,0 га жана “Каракаш Ата” гөрүстөнү үчүн “Маслахат Тепа” участкасындагы № 101 контурунан 5,0 га жалпы 10,0 га жер тилкесин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2. Жерге болгон тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин жер маселелери боюнча комитетинен жана айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

М.Инамов