АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз 25- сессиясы
2021-жылдын 18-февралы № 4
Ак-Коргон айыл аймагындагы А.Юсубалиев мектебинин директору С. Сотиволдиеванын арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезексиз тышкаркы 25- сессиясы Ак-Коргон айыл аймагындагы А.Юсубалиев атындагы № 10 жалпы билим берүүчү орто мектебинин1-кабатындагы негизги залын оңдоо максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтү тарабынан А.Юсубалиев атындагы № 10 жалпы билим берүүчү орто мектебинин киребериш залын оңдоого 51 000 (элүү бир миң) сом акча каражаты берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |