АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектен тышкары 25- сессиясы
2021-жылдын 18-февралы № 5
Ак-Коргон айыл аймагындагы А.Атамов атындагы орто мектебинин директору Х.Турдалиевдин арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезексиз тышкаркы 25- сессиясы Ак-Коргон айыл аймагындагы А.Атамов атындагы № 12 жалпы билим берүүчү орто мектебинин залдарын жарыктандыруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтү тарабынан А.Атамов атындагы № 12 жалпы билим берүүчү орто мектебинин залдарындагы эскилиги жетип, жараксыз абалга келген электр жабдууларын жаңылоого 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |