АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз 26- сессиясы
2021-жылдын 5-апрели № 1
Ак-Коргон айыл аймагынын 2021-2023-жылдар аралыгындагы инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын инклюзивдүү экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жана инвестицияларды биргелешип аныктоо жана жүзөгө ашыруу үчүн жеке жана мамлекеттик секторлордун, ошондой эле жарандык коомдун ортосунда диалог орнотуу, айыл аймактын социалдык-эканомикалык жактан өнүктүүрү жана инвистиция тартуу максатында Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз 26-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагында MSDSP KG коомдук фондунун 2021-2023-жылдар аралыгындагы инклюзивдүү жергиликтүү экономикалык өнүгүү программасы боюнча иш-чараларды жана инвестицияларды ишке ашыруудолборлорун колдоого макулдук берилсин.
2. Токтомга тиешелүү документтерди тактап берүүнү Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн социалдыкмаселелер боюнча башкы адиси М.Борубаевага тапшырылсын.
2. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ак-Коргон айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Инамов |