Редакцияот 05.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз 26- сессиясы

2021-жылдын 5-апрели № 2

Ак-Коргон айыл аймагынын  айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин  бекитилген  чыгаша бөлүгүнө  өзгөртүүлөр  киргизүү жөнүндө

Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын кезектен тышкары 26- сессиясы айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн башкаруу аппаратынын 3111 курулмалар беренесине бекитилген чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү максатында Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз  26-сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн айыл аймагынын 2021-жылгажергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн башкаруу аппаратынын 3111 курулмалар беренесине бекитилген чыгаша бөлүгүнөн 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты 2511 субсидиялар беренесине справка уводомлениянын негизинде өзгөртүүлөр киргизүүгө уруксат берилсин.(справка уводемление тиркелет)

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.

 

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Ак-Коргон айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

М.Инамов