Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-майындагы № 213 токтомуна) |
Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 687 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Жобо калкты жана республиканын аймагын табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыздоо максатында иштелип чыккан.
2. Ушул Жобо Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөрдү берүүнүн тартибин, эскертүүлөрдүн мазмунуна карата талаптарды, эскертүүлөрдү аткаруу мөөнөтүн жана министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана калк тарабынан эскертүүлөрдүн аткарылышын контролдоо жол-жобосун белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 687 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жарандык коргонуу жаатындагы эскертүүлөр өзгөчө кырдаалдар коркунучунда, келип чыкканда, аларды жоюуда, ошондой эле министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары, менчигинин түрүнө карабастан уюмдар жана калк тарабынан төмөнкү иш-чаралар аткарылбаган учурда берилет:
- өзгөчө кырдаалдардын коркунучу же келип чыгышы жөнүндө калкка күн мурунтан маалымат берүү;
- потенциалдык-кооптуу участоктордо жашаган калкты коопсуз райондорго өз убагында көчүрүү;
- көчүрүлгөн калкка коопсуз райондордон жер участокторун берүү;
- жеке турак жай курууга жана өндүрүштүк, социалдык-экономикалык багыттагы объекттерди курууга жер участокторун бөлүп берүү;
- өзгөчө кырдаалдын кесепетинен бузулгандардын же болбосо авариялык абалдагылардын ордуна селден коргоо, жээктерди бекемдөө курулмаларын, дамбаларды, автомобиль жана темир жолдорун, көпүрөлөрдү, инженердик коммуникацияларды жана башка объекттерди куруу боюнча авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү;
- жер алдындагы суунун деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- сел жана ташкын сууларын коопсуз өткөрүү боюнча иштерди аткаруу;
- сел агымдарына жана ташкын суулардан, суу каптоодон, тоо капталындагы процесстерден жана башка кооптуу метеорологиялык жана жаратылыш кубулуштарынан инженердик коргоо объекттерин, ошондой эле эксплуатацияланып жаткан инженердик коргоо объекттерин долбоорлоодо жана курууда Курулуш ченемдерин жана эрежелерин бузуулар;
- электр берүү линияларын, автомобиль жолдорун жана көпүрөлөрдү, трансформатордук подстанцияларды, гидроэлектростанциялардын гидротехникалык курулмаларын жана энергосистемасынын башка объекттерин коргоо боюнча иш-чараларды аткаруу;
- өзгөчө кырдаалдарга ыкчам чара көрүү үчүн жол-эксплуатациялык мекемелердин күчтөрүн жана каражаттарын даярдыкта кармоо жана күйүүчү-майлоочу материалдардын керектүү запасын түзүү;
- кар көчкүдөн, жер көчкүдөн, таш кулоодон жана башка тоо капталындагы процесстерден бузулган автожолдордун участокторун тезинен пайдаланууга киргизүү боюнча шашылыш чараларды көрүү;
- мажбурлап түшүрүү иштерин жүргүзүүдөгү кар массасынан, кыртыштан, таш кулоодон жана башка тоо капталындагы процесстерден жалпы пайдалануудагы автожолдордун полотносун өз убагында тазалоо;
- аба-ырайы кескин өзгөргөндө жана кар көчкүлөрдү, жер көчкүлөрдү, таш кулоолорду жана башка тоо капталындагы процесстерди мажбурлап түшүрүү учурунда автотранспорттун кыймылын жабууну жана чектөөнү камсыздоо;
- жалпы пайдалануудагы автожолдордогу кар көчкүлөр, жер көчкүлөр, таш кулоолор, башка тоо капталындагы процесстер түшүрүлүүчү жана алардын кесепеттери жоюлуучу жерлерде коомдук тартипти сактоону камсыздоо;
- кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү, жер көчкүлөрдүн, таш кулоолордун алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү мезгилинде жана алардын кесепеттерин жоюу процессинде жалпы пайдалануудагы автожолдордо автомашиналарды уюшкандыкта өткөрүүнү камсыздоо;
- кар көчкүлөрдү мажбурлап түшүрүү үчүн бөлүнгөн техникаларды жана артиллериялык куралдарды туруктуу жайгашкан жеринен тапшырманы аткарган жерге чейин жана кайра артка коштоону уюштуруу;
- өзгөчө кырдаал келип чыккан учурга медициналык камсыздоо күчтөрүн жана каражаттарын мобилизациялоо;
- жабырлануучулар массалык келип түшкөн учурга медициналык мүлктүн жана медикаменттердин резервин түзүү;
- кар көчкүлөр мажбурлап түшүрүлүүчү районго ыкчам топтор менен бирге иштөө үчүн нөөмөттөгү бригадаларды жөнөтүү;
- адамдар жана транспорт көп чогулушу мүмкүн болгон жерлерде тамактануу жана жылынуу пункттарын даярдыкта кармоо;
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкүлөрдүн, жер көчкүлөрдүн түшүшүн, таш кулоолордун, башка тоо капталындагы процесстердин алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө калкка күн мурунтан маалымдоо;
- Жарандык коргонуунун коргоо курулмаларын дайыма даярдыкта кармоо;
- Жарандык коргонуу мамлекеттик системасынын байланыш түйүндөрүнүн, башкаруу пункттарынын жана кабарлоо системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылуу;
- өндүрүштүк, ден соолукту чыңдоочу же спорттук багыттагы, ошондой эле жарандардын массалык эс алуу суу объекттеринде коопсуздукту камсыз кылуу;
- Жарандык коргонуунун жетекчилерин, кызмат адамдарын, түзүлүштөрүн жана калкты Жарандык коргонуу жаатында даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-декабрындагы № 687 токтомунун редакциясына ылайык)