АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
2021-жылдын 16-майы № 1/3
Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин биринчи сессиясында айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө эсептөө комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 38-беренесине ылайык, жолдош Элеев Урмат айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп бекитилсин.
2. Ушул токтому, www.aksuu.biz. kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана КРнын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы С.Мамытовго жүктөлсүн.
Төрага: | Сооронбаев М |