АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 5-июлу № 4
Ак-Суу айыл өкмөтүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн инвентаризациялоо тууралуу
Ак-Суу айыл өкмөтүнө тиешелүү кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн эсебин жана абалдарын текшерүү максатында, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2021-жылдын 17-июнундагы №479 токтомуна ылайык Ак-Суу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн инвентаризациялоо жүргүзүлсүн.
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет;
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы К. Кыдыралы кызына милдеттендирилсин.
5. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы:
- Инвентаризацияны сапаттуу уюштуруу максатында курамына тиешелүү адистерди камтыган комиссиялык топту бекитсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары У. Эпеевге жүктөлсүн.
Төрага: | М.О. Сооронбаев |