Редакцияот 05.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 5-июлу № 13

Ак-Суу айыл аймагындагы №59 Н. Рыскулов атындагы негизги билим берүүчү орто мектебинин директору А. Толтоеванын 6 айлык аткарган ишине баа берүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 112-беренесинин 2-бөлүгүнүн негизинде Ак-Суу айыл аймагындагы №59 Н. Рыскулов атындагы негизги билим берүүчү орто мектебинин директору А. Толтоеванын баяндамасын угуп жана талкуулап, Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. №59 Н. Рыскулов атындагы негизги билим берүүчү орто мектебинин директору А. Толтоеванын 2021-жылдын 6 айында аткарган жумушу кабыл алынсын.

 

2. Ушул токтом, Ак-Суу айыл өкмөтүнүн www.aksuu.biz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

3. Ушул токтом, Ак-Суу айыл айыл өкмөтүнүн расмий веб-сайытына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

 

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлсүн.

 

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин социалдык комитетинин төрагасы Т. Өмүралиевага милдеттендирилсин.

 

Төрага:

М.О. Сооронбаев