БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
2021-жылдын 23-июлу № 4
“2022-2023-2024-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновдун Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-2023-2024-жылдарга карата болжолдуу долбоорун угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2022-2023-2024-жылдарга карата Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга киреше булагынын болжолдуу суммасы 13345,8 миң сомго, 2023-жылга болжолдуу суммасы 12086,1 миң сомго жана 2024-жылга болжолдуу 12086,1 миң сомго бекитилсин.
3. 2022-2023-2024-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджеттин болжолдуу долбоору ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда талкуулануу менен кабыл алынсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөт башчысы З. Арстанбековго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О. Калмуратовко жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |
| Тиркеме |
2022-2023-2024-жылдарга карата
№ | Берене киреше | 2022-жылга | 2023-жылга | 2024-жылга |
1 | Киреше салыгы | 5365,0 | 4842,3 | 4842,3 |
2 | Бирдиктүү салык | 12,0 | 9,0 | 9,0 |
3 | Милдеттүү потент | 75,0 | 50,0 | 50,0 |
4 | Ыктыярдуу потент | 980,0 | 962,0 | 962,0 |
5 | Мүлк салыгы | 50,5 | 50,5 | 50,5 |
6 | Транспорт салыгы | 1200,0 | 1020,0 | 1020,0 |
7 | Тамарка жер салыгы | 450,0 | 206,0 | 206,0 |
8 | А/Ч багытындагы жер салыгы | 1047,3 | 1047,3 | 1047,3 |
9 | А/Ч багытындагы эмес жер салыгы | 370,0 | 250,0 | 250,0 |
10 | КБФ аренда | 1600,0 | 1600,0 | 1600,0 |
11 | Плата за аренду имущества | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
12 | Сбор за вывоз мусора | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
13 | Аренда калктуу конуш | 200,0 | 198,0 | 198,0 |
14 | Кошумча салык лицензия үчүн | 245,0 | 100,0 | 100,0 |
15 | Жайыт | 36,0 | 36,0 | 36,0 |
16 | Мусорго төлөнүүчү | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
17 | Вырав.грант |
|
|
|
18 | Средства передав | 0,0 | 0,0 | 0,0 |
19 | Атайын каражат | 1715,0 | 1715,0 | 1715,0 |
| Баардык киреше | 13345,8 | 12086,1 | 12086,1 |