Редакцияот 21.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезектеги VIII- сессиясынын

 

2022-жылдын 21-февралы № 26

 

Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бабаш уулу айылындагы №637,623 контурунан 1,50 га жер аянтына мектеп куруу жөнүндө

 

2017-жылдын 14-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алган 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-2-пункуттарына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы №637,623 контурунан 1,50 га жер аянтына мектеп куруу үчүн Дөң-Булак айылдык кеңешинде талкууланып токтом кыламын:

 

1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бабаш уулу айылындагы №637,623 контурундагы жер аянтына мектеп куруу үчүн 1,50 га сугат айдоо жер аянтын “трансформациялоого” которууга макулдук берилсин.

 

2. Жер аянтын Гос Актысын негизинде тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Кадастр” башкармалыгына сунуш кылынсын.

 

3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.

 

4. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде даярдап бекитип берүү жагы суралсын.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов