Редакцияот 05.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дөң-Булак айылдык Кеңешинин VII-шайланган депутаттарынын кезексиз IХ-сессиясынын

 

2022-жылдын 5-апрели № 27

 

“Ак-Ниет” бала бакчасынын атын өзгөртүү жөнүндө

 

“Ак-Ниет” бала бакчасына “Анипа-апа” ысымын берүү жөнүндөгү Чымбай айылынын тургундарынын жалпы чогулушун карап, талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык маселени карап жана талкуулап, токтом кыламын:

 

1. “Ак-Ниет” бала бакчасына “Анипа-апа” ысымы берилсин.

 

2. Бала бакчанын атын өзгөртүү жагы “Ак-Ниет” бала бакчасынын башчысы И.Кайназаровага милдеттендирилсин.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

Ө. Жусупов