Редакцияот 19.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 9-шайланышынын 2 - кезектүү сессиясынын

 

2022-жылдын 19-сентябры № 8

 

Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө

 

Казыбек айыл өкмөтүнүн алдындагы Таза суунун эсеп-кысабын өткөрүүүсү боюнча, акча каражаттын иштетилиши боюнча көзөмөл жүргүзүү үчүн, убактылуу комиссиянын курамын бекитүү максатында, айылдык Кеңеш токтом кылат:

 

1. Казыбек айыл өкмөтүнүн Таза сууга төгүлгөн акча каражаттын иштетилиши боюнча жана бухгалтер кызматкерлеринин өткөрүүсүн көзөмөл жүргүзүү үчүн, депутаттардан жана айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен төмөндөгүдөй убактылуу комиссиянын 9 кишиден турган курамы бекитилсин:

Убактылуу комиссиянын төрагасы - З.Мамбетмусаева - айылдык Кеңештин депутаты.

Мүчөлөрү:

- Э.Жумабаева- айылдык Кеңештин депутаты;

- Г.Кермакунова- айыл өкмөтүнүн башчысы;

- Э.Кермалиева- айыл өкмөтүнүн кызматкери;

- Э.Есеналиева- айылдык Кеңештин депутаты;

- М.Аскарбек кызы-айылдык кеңештин депутаты;

- М.Жунусакунова- айылдык Кеңештин депутаты;

- М.Шаршенов-аскер учет бөлүмүнүн адиси;

- С.Сүйүндүкова-айылдык кеңештин депутаты.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Г.Кермакуновага тапшырылсын.

 

 

Төрага

Э.Бактыгулов