Редакцияот 09.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын

 

2022-жылдын 9-ноябры № 118

 

Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн турак-жайын камсыздандырууга акча каражатын бөлүү жөнүндө

Аз камсыз үй-бүлөлөрдүн турак-жайын камсыздандырууга акча каражатын бөлүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :

 

1. Айыл аймагындагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн турак-жайын камсыздандырууга 9(тогуз) миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин билим берүү тармагындагы 2227-статьясынан көмүр алууга каралган 700,0 миң сом эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

А.С.Кыдыров