Редакцияот 09.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын

 

2022-жылдын 9-ноябры № 123

 

Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки ишканага морозильник сатып берүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндө

Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки ишканага морозильник сатып берүүгө акча каражатын бөлүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :

 

1. Үмөт Молдо атындагы мектепке чейинки ишканага морозильник сатып берүүгө 30( отуз) миң миң сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин билим берүү тармагындагы 2227-статьясынан көмүр алууга каралган 700,0 миң сом эсебинен бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

А.С.Кыдыров