Редакцияот 09.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын

 

2022-жылдын 9-ноябры № 128

 

Манас эпосунун үчилтигин боюнча өткөрүлгөн иш чарага катышуу жөнүндө

КР Президентинин 2022-жылдын 20-апрелиндеги “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин ( Манас, Семетей,Сейтек эпостору)” жайылтуу чаралары жөнүндө №126 -Жарлыгын аткарууга алып, Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында боло турган республикалык деңгээлдеги иш-чарага катышуу жөнүндөгү Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :

 

1. Кара-Буура районунун Көк-Сай айылында боло турган республикалык деңгээлдеги иш-чарага катышууга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин билим берүү тармагындагы 2227-статьясынан көмүр алууга каралган 700,0 миң сом эсебинен 25( жыйырма беш ) миң сом акча каражаты каралсын.

2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрага

А.С.Кыдыров