Редакцияот 09.11.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын Арал айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясынын

 

2022-жылдын 9-ноябры № 134

 

Айыл аймагына тегирмен курууга Талас райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоорго макулдук берүү жөнүндө

Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймагына тегирмен курууга Талас райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоор тууралу маалыматты угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия токтом кылат :

 

1. Айыл аймагына тегирмен курууга Талас райондук өнүктүрүү фондусуна жазылган долбоорго макулдук берилсин.

2. Тегирмен курууга керектүү юридикалык документтерди даярдоо жана сметасын түзүү жагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

А.С.Кыдыров