БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2021-жылдын 6-августу № 2
“Жаңы-Арык СА” СПАнын жана “Ношкен Суу” СПАнын 2021-жылдын 6 айлык бюджетинин аткарылышы жөнүндө
“Жаңы-Арык СА” СПАнын жана “Ношкен Суу” СПАнын 2021-жылдын 6 айына карата аткарылган иштери жөнүндөгү маалыматтарын угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Жаңы-Арык СА” СПАнын жана “Ношкен Суу” СПАнын 2021-жылдын 6 айына карата аткарылышы жөнүндөгү маалыматтары эске алынсын. (маалымат тиркелет)
2. Жергиликтүү калктын күзгү эгиндерин суугарууда агын суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун алдын алуу боюнча тиешелүү чараларды көрүү, өндүрүмдү толук кандуу колго алуу жана кыш мезгилине карата аймактардагы канал, чо. Арыктарды тазалоо СПАнын жетекчилерине жүктөлсүн.
3. СПАга келген техника жана эмеректердин кредиттик төлөмдөрүн өз учурунда төлөө боюнча тиешелүү чараларды колдонуу менен иштерди так жүргүзүү жагы СПА нын жетекчилерине милдеттендирилсин.
4. СПАга келген техникаларды СПАнын керектөөлөрүнө карата пайдаланылышын колго алуу жагы СПАнын жеткечилерине тапшырылсын.
5. Айыл аймагыбыздагы “Келечек” каналынын кредиттик төлөмдөрүн тактоо жана агын суу менен камсыз болгон жер аянттарынан суу акыларды толук өлчөмдө өндүрүү жагы “Жаңы-Арык СА” СПАнын жетекчиси М. Мамажановко жүктөлсүн.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Абдиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |