Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 6

Ношкен айылына курулган Кичи футболдук аянтчанын элдик салымы үчүн тиешелүү акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Ношкен айылына курулган кичи футбол аянтчанын төлөнбөй калган элдик салымы үчүн 179 000 (бир жүз жетимиш тогуз миң) сом акча каражатын тендерден утуп алган ОсОО “ЭлНУР” ишканасына которуп берүү зарылдыгы боюнча М. Осмоновдун сунушун угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновдун Ношкен айылына курулган кичи футбол аянтчанын төлөнбөй калган элдик салымы боюнча киргизген сунушу эске алынсын.

 

2.  Ношкен айылына курулган кичи футбол аянтчанын төлөнбөй калган элдик салымы үчүн 179 000 (бир жүз жетимиш тогуз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.

 

3.  Жогоруда ажыратылган акча каражатын мыйзамдуу пайдалануусуна көзөмөл жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З. Арстанбековко милдеттендирилсин.

 

4.  Суралган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.

 

5.  Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

6.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О. Калмуратовко милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов