Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2021-жылдын 6-августу № 10

Баткен областынын Кара-Булак айыл аймагына ар тараптуу колдоо көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-июнундагы № 201 сандуу тескемесин жетекчилике алып Баткен областындагы Кара-Булак айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү жана Сузак районунда селден жабыркаган жарандарга көмөк көрсөтүү максатында айыл өкмөт башчысы З. Арстанбековдун сунушун угуп жана талкуулап, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн кеңешинин XXVIII- чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1.  Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2021-жылдын 26-июлундагы № 147-б сандуу буйругу эске алынсын.

 

2.  Баткен областындагы Кара-Булак айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты жана Сузак районунда селден жабыркаган жарандарга 10 000 (он миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

3.  Жогоруда ажыратылган акча каражатынын мыйзамдуу пайдаланылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы З. Арстанбековко жүктөлсүн.

 

4.  Тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.

 

5.  Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

6.  Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизсенти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О. Калмуратовко милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов