БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 6-августу № 17
Кызыл-Кыя Таза-Суунун жетекчиси А. Маматалиевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
Кызыл-Кыя Таза-Суунун жетекчиси А. Маматалиевдин 2021-жылдын 30-июлундагы № 11 саны менен кириштелген арызында суралган жергиликтүү тургундарды таза-суу менен камсыз кылууда жаралып жаткан муктаждыктарды жоюу максатында арызда көрсөтүлгөн чарбалык буюмдарды алуу зарылдыгын угуп жана талкуулап, Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кызыл-Кыя Таза-Суунун жетекчиси А. Маматалиевдин 2021-жылдын 30-июлундагы № 11 саны менен кириштелген арызы эске алынсын.
2. Кызыл-Кыя Таза-Сууну үзгүлтүкө учуратбоо, жергиликтүү тургундарды тынымсыз таза суу менен камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 5000 (беш миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда аталган акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысы З. Арстанбековко жүктөлсүн.
4. Тиешелүү акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизсенти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы О. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |