Редакцияот 08.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2021-жылдын 8-октябры № 2

Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясын түзүү жана “Диалогдук аянтча жөнүндө” Жобону бекитүү

Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясын түзүү жана диалогдук аянтча жөнүндө Жобону бекитүү максатында Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл аймакта бизнести жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык программаларды иштеп чыгуу жана долбоорлорду ишке ашыруу максатында “Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы” төмөнкү курамда түзүлсүн:

1. Саттаров Б

2. Наркулова Ж

3. Асранкулова Ч

4. Кадыркулова З

5. Токторали у К

 

2. Жогорудагы түүлгөн комиссия мүчөлөрүнө айыл аймактын экономикалык өнүгүү программасын түзүү боюнча иликтөө жүргүзүү жана башка тийиштүү иш аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин.

 

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, тиешелүү мамлекеттик органдардын, ишкерлердин, аярлуу топтордун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, тажрыйба алмашуу жана көйгөйлөрүн биргелешип чечүү максатында Диалогдук аянтча түзүлсүн жана Жобосу бекитилсин.

 

4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Кубатбековго милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов