БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 3
“Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү процесин ишке ашыруу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү процесин ишке ашыруу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы З.Арстанбековдун сунушун угуп жана талкуулап комиссиянын курамын бекитип берүү максатында Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун сунушу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-III токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобого ылайык Бүргөндү айыл өкмөтүндө төмөнкү комиссия курамы бекитилсин:
1. Ө.Калмуратов – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын төрагасы
2. А.Каракожоев – айыл өкмөтүнүн орун басары, комиссиянын орун басары
3. А.Оморбеков – айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын катчысы
Мүчөлөрү:
4. А.Халиев
5. С.Разакулов
6. М.Толубаев
7. С.Маматаев
8. М.Каримова
9. М.Ахмедова
3. Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө жогоруда көрсөтүлгөн типтүү жобонун негизинде иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго жана түзүлгөн комиссия курамына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |