БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 5
“Муниципалдык менчик жерлерин ижаралоодо же менчик укугун ыйгарууда атайын түзүлгөн комиссиясынын курамына өгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө”
Айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчик жерлерин ижаралоодо же менчик укугун ыйгарууда атайын түзүлгөн комиссиясынын курамына өгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизип комиссия курамын жаңыдан бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы З.Арстанбековдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековдун сунушу эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген муниципалдык менчикте турган жер участокторуна же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө Типтүү Жобого ылайык муниципалдык менчиктеги жер аянтын сатуу же ижаралоо максатында аукцион өткөрүү боюнча Бүргөндү айыл өкмөтүндө төмөнкү комиссия курамы бекитилсин:
1. А.Каракожоев – айыл өкмөтүнүн орун басары, комиссиянын төрагасы
2. А.Абдиев – айылдык кеңештин депутаты, комиссиянын орун басары
3. А.Оморбеков – айыл өкмөтүнүн жер адиси, комиссиянын катчысы
4. Ө.Калмуратов – айылдык кеңешинин депутаты
5. М.Толубаев – айылдык кеңештин депутаты
6. К.Токторали уулу – айылдык кеңештин депутаты
7. Б.Мамытов – айыл өкмөтүнүн адиси
3. Муниципалдык менчиктеги жер аянттарын сатуу же ижаралоо иштерин жүргүзүдө мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго жана түзүлгөн комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары А.Кубатбековго тапшырылсын.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |