Редакцияот 08.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2021-жылдын 8-октябры № 9

“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Разакуловдун кайрылуусу жөнүндө

“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Разакуловдун таштандыларды ташып чыгаруу үчүн техникалык камсыздоого ошондой эле ишкананын чарбалык жумуштарын үзгүлтүккө учуратбоо максатында керектелген акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасынын жетекчиси С.Разакуловдун кайрылуусу эске алынсын.

 

2.“Бүргөндү тазалык жана көрктөндүрүү” муниципалдык ишканасына таштандыларды ташып чыгаруу үчүн техникалык камсыздоого ошондой эле ишкананын чарбалык жумуштарын үзгүлтүккө учуратбоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 250 000 (эки жүз элүү миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

 

3.Жогоруда ажыратылып берилген акча каражатын мыйзамдуу ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго милдеттендирилсин.

 

4.Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.

 

5.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.

 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Б. Кубатов