БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 10
“Кызыл-Кыя” Таза-Суу ишканасын тейлеген трансформаторду Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүү жөнүндө
Кызыл-Кыя айылындагы “Кызыл-Кыя” Таза-Суу ишканасын тейлеген трансформаторду ишкана өз каражаттарынын эсебинен тейлей албагандыктан Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү айылдык кеңештин депутаты Б.Саттаровдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Кыя” Таза-Суу ишканасын тейлеген трансформаторду ишкана өз каражаттарынын эсебинен тейлей албагандыктан Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүү жөнүндөгү айылдык кеңештин депутаты Б.Саттаровдун кайрылуусу эске алынсын.
2. “Кызыл-Кыя” Таза-Суу ишканасын тейлеген трансформаторду, ишкана өз каражаттарынын эсебинен тейлей албай калгандыктан мындан ары аталган айылдагы жергиликтүү калкты таза суу менен камсыз кылууда үзгүлтүккө учуратбоо, трансформатордун ремонт иштерин өз учурунда жүргүзүү максатында Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүлүп берилсин.
3. “Кызыл-Кыя” Таза-Суу ишканасын тейлеген трансформаторду Ноокен райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы таза суу ишканасынын жетекчилигине жана айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго милдеттендирилсин.
4.Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |