БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 12
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы №2197 Кылыз - Кыя, № 2198 Бүргөндү, №2199 Жаңы - Арык, № 2200 Жеңиш, № 2201 Ношкен жана № 2401 Ак-Бата шайлоо участкаларынын комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы З. Арстанбековдун айыл өкмөттүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамына толуктоо киргизүү жана бекиттирүү жөнүндөгү Борбордук Шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү М. Маматовдун 2021-жылдын 10-сентябрындагы № 01-05/19 сандуу катындагы маалыматты угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-августундагы “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” ПЖ № 370 Жарлыгынын негизинде кабыл алынган жобо жана календарлык планы эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы №2197 Кылыз - Кыя, № 2198 Бүргөндү, №2199 Жаңы - Арык, № 2200 Жеңиш, № 2201 Ношкен жана № 2401 Ак-Бата шайлоо участкаларынын комиссия мүчөлөрү тиркемеге ылайык жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 121 Мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын курамы 5 (беш) жылдык мөөнөткө бекитилсин.
3. Жогоруда белгиленген участкалык шайлоо комиссияларынын курамын мыйзамга ылайык бекитип берүү жагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М. Толубаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |