БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 8-октябры № 14
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүдө аймактагы жүргүзүлүп жаткан иштерди аягына чыгаруу жөнүндө”
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүдө аймактагы жүргүзүлүп жаткан иштердин аягына чыгаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүү ошондой эле көзөмөлгө алуу боюнча иштер талкууланып Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүдө аткарылып жаткан иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы З.Арстанбековго төмөнкү иштердин бүткөрүлүүсү белгиленсин.
- аймактагы мектеп, балдар бакчалардын кышка даярдыгын толук камсыздоо
- калкты турак жай менен камсыз кылууда кезектүүлүктүн ачыктыгын камсыздоо менен айыл өкмөтүнүн атайын маалымат тактайчасына тизмени илүү ошондой эле турак жай жер участокторунун жер аянттарын трансформациялоо (которуу) иштерин колго алуу
- айыл аймагыбыздагы калктуу конуштардын ичинен атайын балдар ойноочу жай үчүн ажыратылган жер аянттарынын иш кагазадырын толук бүткөрүү жана балдар ойноочу аянтчага курулуучу курулмалар боюнча долбоор даярдоо
- жергиликтүү калкты таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу ошондой эле алдына ала чараларды көрүү
- айыл аймактагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижаралоодогу түзүлгөн келишимдерди тактоо жана өндүрүмдүүлүктү колго алуу
- ички тышкы инвестицияларды тартуу менен курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жана курулуш иштерин толугу менен бүткөрүү
2. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Кубатбековго милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б. Кубатов |