Загрузка документа…
МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2016-жылдын 30-ноябры №110
Мады айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын атын өзгөртүү жөнүндө
Мады айыл өкмөтүнүн Октябрь айылынын тургундарынын 2016-жылдын 25-ноябрындагы жалпы элдик жыйынын протоколун, элдин кайрылуусун, Мады айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 53 токтомун талкуулап жана элдин айылдын эски тарыхый атын кайтарып берүү жөнүндөгү суроо талабын эске алып Мады айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Октябрь айылынын атын өзгөртүп, эски тарыхый “Букалы-Тээке” атын ыйгаруугамакулдук берилсин.
2. Октябрь айылынын атын “Букалы-Тээке” айылы деп өзгөртүүгө керектүү иш-кагаздарын даярдап,каттоодон өткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Р. Сыдыков менен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Бороновго тапшырылсын.
3. Бул токтомду бекитип, жогорку органдарга сунуштоо жагы Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө жагы Мады айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына (Б.Мадазимов) жүктөлсүн.
Төрага | К.Султанбеков |