Редакцияот 04.10.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 4-отябры №53

 

Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын Кызыл-Тал учаскасына өзүнчө айыл статусун берүү жөнүндө

Мады айыл өкмөтүнүн Жоош айылынын Кызыл-Тал учаскасынын тургундарынын 2022-жылдын  21-сентябрындагы жалпы элдик жыйынынын протоколун, Мады айыл өкмөтүнүн  2022-жылдын 28-сентябрындагы № 38 токтомун талкуулап жана элдин суроо талабын эске алып Мады айылдык кеңеши  

     

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Жоош айылынын Кызыл-Тал учаскасына өзүнчө айыл статусун берүү жагы жогорку органдардан суралсын.

2.   Бул  токтомду  бекитип,  жогорку  органдарга  сунуштоо  жагы  Кара-Суу райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан  суралсын.

3.  Жаңыдан  айыл  статусуна ээ болуп  жаткан  Кызыл-Тал  айылын  каттоодон өткөрүүгө керектүү  иш-кагаздарын даярдап, каттоодон өткөрүү жагы  айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Сидиков менен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Бороновго  жүктөлсүн.

4 . Бул   токтомдун   аткарылуусун   көзөмөлдөө  жагы   Мады   айылдык  кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына (К.Темирбаевге) милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б. Мадазимов