Редакцияот 04.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 4-отябры №52

 

Мады айыл өкмөтүнүн  Асан-Чек айылынын Достук учаскасына өзүнчө айыл статусун берүү жөнүндө

Мады айыл өкмөтүнүн  Асан-Чек айылынын Достук учаскасынын  тургундарынын 2022-жылдын 22-сентябрындагы жалпы элдик  жыйынынын  протоколун, Мады айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 22-сентябрындагы № 37 токтомун талкуулап жана элдин суроо талабын эске алып Мады айылдык кеңеши угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1 .Асан-Чек айылынын Достук учаскасына өзүнчө айыл статусун берүү жагы жогорку органдардан суралсын.

2 .Бул  токтомду  бекитип, жогорку органдарга  сунуштоо  жагы  Кара-Суу райондук  жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан  суралсын.

3. Жаңыдан  айыл  статусуна  ээ болуп   жаткан  Достук   айылын каттоодон өткөрүүгө керектүү  иш-кагаздарын даярдап, каттоодон өткөрүү жагы  айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Сидиков менен айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы С.Бороновго  жүктөлсүн.

4 .Бул   токтомдун   аткарылуусун   көзөмөлдөө  жагы   Мады   айылдык  кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына (К.Темирбаевге) милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Б.А. Мадазимов