Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 27-февралы № 43-19
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Коммунизм, Интернационал Караке, айылдарына жергиликтүү айылдын тарыхый эски аталышын берүү жана Калдай, Барын, калктуу конуштарына айыл макамын берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын администрациялык - аймактык түзүлүшү жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасында географиялык аталыштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында жана Т.Зулпуев айыл аймагындагы участокторго айыл макамын берүү максатында Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн берген билдирүүсүнүн жана айыл аймагында өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын протоколдорунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 Токтому менен бекитилген, “Кыргыз Республикасындагы географиялык обьекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” жобонун негизинде Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Коммунизм айылы айылдын жалпы элдик жыйынынын протоколдорунун негизинде, өзүнүн эски географиялык аталышы Атамерек болгондуктан ушул аталышты берүү, Интернационал айылы өзүнүн географиялык аталышы Кашкалдак болгондуктан ушул аталышты, Караке айылына Камал - Ата деген аталышты берүү жагы жактырылсын.
2. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Калдай, Барын калктуу конуштарына айылдын жалпы элдик жыйынынын протоколунун негизинде Калдай айылы жана “Барын Бий” айылы деген макам берилсин.
3. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Жусупбеков |