Редакцияот 27.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы

 

2021-жылдын 27-февралы № 43-1

 

Айбек айылынын тургуну Ажикулов Турсунали Шамшиевичке Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн КБФ нун жеринен 0,49 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин

                                                                       

Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушунун негизинде Ажикулов Турсунали Шамшиевичке жеке менчигиндеги Айбек айылындагы мурдагы КПОТтун ордундагы 0,49 га, жер аянтына Айбек орто мектеби курулуп калгандыктан Айбек  айылыныдагы №583-контурундагы КБФнун 0,49га жер аянты Ажикулов Турсуналинин жеке менчигине берүү үчүн Т.Зулпуев атындагы айылдык кенеши  

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Т.Зулпуев  айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловдун сунушунун негизинде Ажикулов  Турсунали Шамшиевичке айыл өкмөтүнүн №583-контурунда жайгашкан кайра бөлүштүрүү фондундагы 0,49га жер аянты ажыратылып берилсин.

2. Ажикулов Турсуналинин жеке менчигине берилген жердин мыйзамдуулугун кароо жагы Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысына С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.  

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнүү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.Жусупбеков