Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 27-февралы № 43-4
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калдай айылынын тургундарына ФАП, балдар бакчасын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калдай айылынын тургундарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана Калдай айылынын тургундарынын арызын канаттандыруу максатында, Калдай айылына ФАП жана балдар бакчасын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү үчүн Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-беренесин жетекчиликке алып Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Калдай айылындагы №411- контурдагы калктуу конуш менен чектешип турган 0,50 га. жер аянты Калдай айылынын тургундарына ФАП, балдар бакчасын куруу үчүн макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду жетекчиликке жана аткарууга алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин жер, жерге жайгаштыруу,транспорт,курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Жусупбеков |