Редакцияот 27.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы

2021-жылдын 27-февралы № 43-9

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн кызматтык унаасын менчиктештирип берүү жөнүндөгү

 

Т. Зулпуев атындагы айыл  өкмөтүнүн ВАЗ 21074 маркасындагы 0063 ОА номериндеги 2009-жылы өндүрүштөн чыккан кызматтык авто унаасын өкмөт башчынын менчигине бекитип берүү максатында Кыргыз Республикасынын муниципалдык менчик  жөнүндөгү Мыйзамынын №11-19 беренелеринин негизинде Т. Зулпуев  атындагы айылдык кенеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн 2009-жылы өндүрүштөн чыгарылган ВАЗ 21074 маркасындагы 0063 ОА мамлекеттик номериндеги кызматтык автоунаасы айыл өкмөтүнүн башчысы Мурзакулов Советбек Сыдыковичтин  жеке менчигине бекитилип берилсин.

2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну айыл өкмөтүнүн башчысы бекитип берүүнү Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылын көзөмөлдөөнү Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж.Жусупбеков