Редакцияот 27.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы

2021-жылдын 27-февралы № 43-11

 

                 Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Үч-Бай айылын Кыркоол бөлүмүндөгү айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун кайракы жеринен ат майданын (ипподром) куруу үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылы деген жарлыгына ылайык аймактарды өнүктүрүү максатында Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Үч-Бай айылынын Кыркоол бөлүмүндөгү Солтононун оозундагы №1180-контурунда жайгашкан кайрак айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фондунун  4 (төрт)га. Жер аянтын заманбап ат майданыны куруу учун макулдук берүү жөнүндө Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Үч-Бай айылынын Кыркоол бөлүмүндөгү Солтононун оозундагы №-1180 контурдагы жайгашкан кайрак айыл чарба багытындагы кайра бөлүштүрүү фонунун 4 (төрт)га. Жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.    Аталган жер аянтына тиешелүү болгон иш кагаздарынын мыйзамдуу жактарын кароо жана Ноокат районунун кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жана  Ноокат райондук шаар курулуш жана арихитектура боюнча башкармалыгынын  документтерин даярдоо Т.Зулпуев айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жергиликтүү бюджетти бөлүштүрүү комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.Жусупбеков