Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 27-февралы № 43-12
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы кызыл сызыкка туура келген бак, дарактарды жана мыйзамсыз салынган курулуштарды алуу жана тратуарларды ачуу жөнүндө
Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн аймагындагы кызыл сызыкка туура келген, мыйзамсыз салынган курулштарды жана тоскоолдук жаратып жаткан бак-дарактарды кыйып, тазалоо максатында Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ош-Исфана жолундагы кызыл сызыкка туура келген мыйзамсыз салынган курулуштарды, бак-дарактар кыйдырып алынсын.
2. Өсөр, Калдай, Атамерек айылдарындагы Мырза – Арык каналын боюндагы бак-дарактар түп тамырынан алынсын.
3. Атамерек айылындагы Байымбетов, К. Рысбаев көчөлөрүнө таза суу киргизүү максатында тооскоолдук жараткан бак - дарактарды алуу.
5. Ак-Чабуу, Үч-Бай, Жатан айылдарындагы Үч-Бай каналынын жээгиндеги тооскоол болгон бак-дарактар кйыдырып алынсын.
2.Ушул токтомдун аткарууга жана жетекчиликке алуу Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай, экология маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ж.Жусупбеков |