Т.ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК ОКРУГУНУН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын кезектеги кырк үчүнчү сессиясы
2021-жылдын 27-февралы № 43-21
Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин 2021-жылдын 27- февралындагы 43-сессиясынын №17- протоколун аткарууга алуу жөнүндө
Т.Зулпуев атындагы айылдык кенешинин 2021-жылдын 27-февралындагы №17-протоколун аткарууга алуу тууралуу Кашкалдак айылынын тургуну Мурзакулов Азизбектин арызын канаттандыруу максатында. Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 18-32 беренелерин жетекчиликке алып Т. Зулпуев атындагы айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн Кашкалдак айылынын тургуну жеке ишкер Мурзакулов Азизбекке элдик угуунун негизинде Чүчүк айылынын Жаман Адыр бөлүмүндөгү 0,50 га жер аянтына кыш заводун курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылын көзөмөлдөөнү Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жер жерге жайгаштыруу транспорт, курулуш, өнөр жай маселелери боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткаруу жагы Т. Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Жусупбеков |